Биз социалдык тармакта

Автобус менен кыдырып... Адылбек Касымалиев Таласка барды 

Бүгүн, 10-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалып жаткан объекттердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Касымалиев Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы пландалган социалдык жана инфраструктуралык объекттердин бардыгын кыдырып чыкты.

Маалыматка ылайык, эртең, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча онлайн форматта 105 социалдык объект жана 60 ишкана пайдаланууга берилет.

Министрлер кабинетинин төрагасы эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан