Кечээ, 9-сентябрда Бишкекте кайгуул кызматкерлери селкинчектен кулап, башынан жаракат алган жашы жете элек кызды тез арада ооруканага жеткиришкен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кыздын апасы кызмат өтөп жаткан кайгуул кызматкерлерине кайрылып, медициналык жардам көрсөтүү үчүн кызын ооруканага жеткирүүгө жардам берүүнү суранган.
Кыз №3 балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу экени айтылды.