Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерди колдонуу тартиби өзгөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда шаардык мэрия билдирди.
Жаңы тартипке ылайык, иш күндөрү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жеке унааларга атайын тилкеге чыгууга тыюу салынат. Ал эми саат 20:00дөн 08:00гө чейин, ошондой эле ишемби жана жекшемби күндөрү алар менен жүрүүгө уруксат берилет.
Өзгөртүү тиешелүү жол белгилери орнотулуп, жол кыймылын уюштуруу схемаларына түзөтүүлөр киргизилгенден кийин күчүнө кирет.
Ошондой эле жыл аягына чейин Бишкекте дагы алты оңго бурулуучу съезд куруу пландалууда. Мындан кийин алардын жалпы саны 10го жетет.