Ырчы Нурлан Насип бүгүн, 10-сентябрда, 36 жашка толду. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына "Кош келдиң, 36 жашым!" деген жазуу менен видео жарыялады.
Ырчыны кесиптештери, жакындары жана күйөрмандары туулган күнү менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.
Белгилей кетсек, Нурлан Насип Токтогул районунун Терек-Суу айылында туулган. Ал Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын салттуу аспаптар бөлүмүн 2010-жылы аяктаган. Ырчы сахнага 2008-жылы "Жаным" аттуу ыры менен чыгып, кийин кыргыз эстрадасында кеңири таанылган.