Биз социалдык тармакта

ОшМУда абанын сапатын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган станция ачылды

Бүгүн, 10-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде абанын сапатын көзөмөлдөгөн автоматташтырылган станция ишке берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Станция атмосфералык абанын булганышын изилдөө жана баалоо боюнча эл аралык долбоордун алкагында орнотулду.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро, Токио илим институтунун өкүлдөрү жана долбоордун катышуучулары катышты.

Жаңы станция Ош шаарындагы абанын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө жана экологиялык абал боюнча так маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан