Биз социалдык тармакта

Ош: Савай-Арык айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай-Арык айылында 100 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу курулуш министрлигинен билдиришти.

Бала бакча Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Долбоордун жалпы наркы 60,9 миллион сомду түзөт.

Курулуш иштери 2024-жылдын декабрь айында башталып, учурда толугу менен аяктады.

Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 988 чарчы метрди түзөт. Анда балдар үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Ошондой эле бала бакчанын аймагында коопсуздук талаптарына ылайык оюн аянтчасы курулган.

Жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 балага эсептелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан