Ош. Эрнис Кыязов: "Азыркы бийлик Акаев менен Бакиевдин деңгээлине түшүп баратат"

"Азыркы бийлик Акаев менен Бакиевдин деңгээлине түшүп баратат",- деп билдирди "ОшТВнын" жетекчиси Эрнис Кыязов, бүгүн, 3-февралда журналисттерге.

Анын айтымында, "ОшТВнын" тегерегинде болуп жаткан окуяга УКМКнын, ОшМУнун филологдорунун күнөөсү жок.

"Мен  телеканалга козголгон кылмыш ишине УКМКнын жетекчилигин же болбосо биздеги катаны изилдеп чыккан ОшМУнун филологдорун күнөөлөбөйм. Алар өз милдеттерин аткарышууда. Муну биздин жогору жактагы улуу урматтууларыбыздын буйругу деп билем. Аларга айтарым, эсиң барда этегиңди жый",- дейт Кыязов.

Айта кетсек, бүгүн "ОшТВ" телеканалына болгон кысымды талкуулоо үчүн журналисттердин жыйыны өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан