Түркиялык белгилүү ашпозчу Бурак Өздемир Кыргызстанда тамак жасаган видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Видеодон ашпозчунун борбор калаадагы белгилүү этно-комплекстердин биринде кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрү камтылган шартта тамак жасап жатканын көрүүгө болот.
Бурактын Кыргызстанга качан келгени жана сапарынын максаты тууралуу азырынча расмий маалымат жок.