Биз социалдык тармакта

Бишкек-Хайнань аба каттамын ачуу пландалып жатат

Кышында Бишкек-Санья (Хайнань) багытындагы түз аба каттамын ачуу пландалып жатат.

Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын өкүлдөрү менен Хайнань провинциясынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушусунда белгилүү болду.

Сүйлөшүүлөргө "Кыргызстандын аэропорттору" ААКсынын коммерциялык директору Аман Мамаев жана Хайнань провинциясынын Кытай Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Фэнь Фэй жетектеген делегация катышты.

Анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде транспорт жана туризм тармагындагы кызматташууну мындан ары чыңдоо маселелери талкууланган.

Санья - Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан курорттук шаар жана Кытайдагы эң популярдуу туристтик багыттардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан