Бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы Таласта расмий белгиленүүдө. Ага карата Талас облусунун кире беришиненен жергиликтүүлөр конокторду өзгөчө тосуп алышууда. Ар бир кирген унааны улуттук кийимдерди кийген кыз-келиндер тосуп алышып, конокторду боорсок менен даам сыздырып киргизишүүдө.
Бүгүнкү Таластагы иш-чараларга президент Садыр Жапаров катышууда. Анда бир катар объекттердин ачылыштары болуп, чоң программадагы концерт менен коштолору маалым болгон.
Эскерте кетсек, Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда мамлекеттик көз карандысыздык жарыялаган. Дал ушул күнү эгемендүүлүк майрамы белгиленип келет, бирок быйыл ШКУнун саммитине жана Көчмөндөр оюндарына байланыштуу бул майрамды белгилөө артка жылдырылган.