Эртең, 12-сентябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Синоптиктердин маалыматында айтылат.
Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда күн ачык болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15... +20, күндүз +25... +30;
- Талас жергесинде түнкүсүн +11... +16, күндүз +24... +29;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16... +21, күндүз +28... +33;
- Нарын аймагында түнкүсүн +6... +11, күндүз +23... +28;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9... +14, күндүз +22... +27;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +18... +20, күндүз +28... +30 градус жылыйт.