Талас облусунда бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүүчү, ошондой эле полимер менен модификацияланган битум өндүрүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда.
Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда “Манас Ордо“ улуттук комплексинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында белгилүү болду.
Президенттик администрациядан билдиришкендей, иш-чарада долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ниети жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен казакстандык “QAZAQ BITUM Processing" компаниясынын директору Ержан Бейсебаев кол койду.
Долбоордун алкагында түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүүчү, ошондой эле полимер менен модификацияланган PG битумун өндүрүүчү комплекс куруу каралган.
Инвестициянын болжолдуу көлөмү 350 миллион долларды түзөт.
Долбоор инвестиция жана заманбап технологияларды тартууга, ички өндүрүштү кеңейтүүгө, импортту алмаштырууга жана Талас облусунун өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.