Биз социалдык тармакта

Нарын: Куйбышев айылындагы жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине бүгүн, 11-сентябрда президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Объекттин жалпы наркы 151 миллион сомду түзөт.

Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 2 миң 297 чарчы метр. Анда окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс, эмгек класстары жана спорт зал каралган.

2026–2027-окуу жылынан тарта мектепте эки нөөмөттө 800гө жакын окуучу билим алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан