Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги 12-сессиясы эртең, 4-февралда өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Сессияда каралчу маселелер: Шаардык кеңештин 2014-жылга карата түзүлгөн планын бекитүү, 2013-жылы кабыл алынган токтомдордун аткарылышы, Жалал-Абад шаардык кеңешинин регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү.
Ошондой эле маршруттук унаалардагы жол кирени көтөрүү, шаардагы аталышы жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө маселелер каралмакчы.