Биз социалдык тармакта

Депутат Улукбек Карыбек уулу көк бөрүчү Дастан Руслан уулуна 100 миң сом тапшырды

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу көк бөрү боюнча улуттук курама команданын оюнчусу, жер улак боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү Дастан Руслан уулу менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эл өкүлү спортчунун чеберчилигине жогору баа берип, Көчмөндөр оюндарында өлкө намысын коргоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Өзгөчө жер улак боюнча финалдык беттеште көрсөткөн мыкты оюну белгиленди.

Депутат спортчуга Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды.

Өз кезегинде Дастан Руслан уулу көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы мелдештерде да элдин ишенимин актоого аракет кыларын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан