Биз социалдык тармакта

Талас шаарындагы милициянын мурдагы имараты заманбап бала бакчага айланды

Бүгүн, 11-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Талас шаарында милициянын «Келечек» атындагы заманбап бала бакчасынын ачылыш аземи өттү.

Маалыматка ылайык, бала бакча ички иштер министри Улан Ниязбековдун демилгеси менен реконструкцияланып, республикалык бюджеттен каржыланды.

Имарат 2002-жылга чейин бала бакча катары пайдаланылып, кийин Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

«Келечек» бала бакчасы 74 балага ылайыкташкан. Анда Агартуу министрлигинин стандарттарына ылайык окуу программалары түзүлүп, балдар үчүн тил, бий жана музыка сабактары уюштурулат. Ошондой эле бала бакчанын өзүнүн логопеди иштейт.

Имаратта балдарды тарбиялоого бардык шарттар түзүлүп, керектүү эмеректер, оюнчуктар, аттракциондор жана башка жабдуулар менен камсыздалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан