Биз социалдык тармакта

Эмгек министрлигинде кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Бүгүн, 11-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов катышып, мекендештер менен кызматташууну мындан ары чыңдоонун, алардын демилгелерин колдоонун жана Кыргызстан менен байланышты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чарада диаспора өкүлдөрүнүн чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктарды бириктирүүгө, ынтымакты бекемдөөгө жана мекендештерге колдоо көрсөтүүгө кошкон салымы белгиленди.

Ошондой эле министрлик менен тыгыз кызматташып, мекендештерди колдоого салым кошкон бир катар диаспора өкүлдөрүнө ыраазычылык каттары тапшырылды.

Жолугушууда диаспора өкүлдөрүнүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусунун маанилүүлүгү да белгиленип, кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын чет өлкөлөрдө жайылтууга кошкон салымы айтылды.

Камчыбек Досматов мекендештерге активдүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, диаспоралар менен байланышты чыңдоо жана чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды колдоо боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан