Биз социалдык тармакта

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Бүгүн, 11-сентябрда, Талас шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чаралар өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, шаардын борбордук аянтындагы салтанат «Тарых изи: жаралуудан келечекке» аттуу театралдаштырылган көрсөтүү менен башталды. Анда бий, музыка жана визуалдык эффекттер аркылуу кыргыз элинин тарыхындагы негизги окуялар - байыркы доордон жана Манас заманынан тартып Үркүн трагедиясына, советтик мезгилге, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарына, базар экономикасына жана массалык миграцияга чейинки тарыхый учурлар чагылдырылды.

Көрсөтүүнүн соңунда тарыхый доорлордун каармандары биригип, муундардын уланмалуулугун, улуттук биримдикти, эркиндикти жана өлкөнүн келечегине болгон ишенимди символдоштурду.

Андан соң президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, эгемендүү Кыргызстандын 35 жылдык жолуна токтолду. Ал өлкөнү экономикалык жактан күчтүү, заманбап жана өз алдынча мамлекетке айлантуу боюнча алдыдагы стратегиялык милдеттерди белгиледи.

Мамлекет башчысы мындан аркы өнүгүүнүн негизин улуттук биримдик, тарыхый жана руханий мурастарды сактоо, туруктуу экономикалык өсүш, инфраструктураны өнүктүрүү жана адамдык потенциалды чыңдоо түзөрүн айтты.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленерин билдирди.

Майрамдык иш-чаралар кыргыз жана дүйнөлүк эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа менен уланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан