Бүгүн, 3-февралда Коргоо кеңешинин жыйынында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев “биз мусулманбыз, ошол эле учурда кыргыз экенибизди унутпашыбыз керек” деп билдирди.
Мамлекет башчы дин маселесинин талкууланышы өлкөнүн жана элдин келечеги үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
“Атеизм 70 жыл өкүм сүргөндөн кийин өлкөдө динди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бирок бийлик башында тургандар диний кырдаалга көңүл бурушкан эмес. Алардын кесепетин бүгүнкү күндө көрүп жатабыз. Өзгөчө мусулман кыргыздардын арасынан”,- деди президент.
Мындан сырткары айрым мусулмандар Пакистан, Арабия жана Бангладеш мамлекеттеринин диний маданиятын аралаштырып жатканын жана улуттук кийимден баш тартып, сакал коюп алышканын кошумчалады.
“Кыздар жакшынакай кыргыздын көйнөктөрүнүн ордуна күң сыяктуу кара кийимге оронуп жатышат”,- деди Алмазбек Атамбаев.