Биз социалдык тармакта

15-сентябрь окуу башталат... Билим берүү департаменти ата-энелерге кайрылды

Бишкек шаарында жаңы 2026–2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат. Ага байланыштуу кечээ, 11-сентябрда Билим берүү департаменти ата-энелерге кайрылып, балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Маалым болгондой, окуу жылынын биринчи күнүндө борбор калаанын мектептеринде Билим күнүнө арналган иш-чаралар, ошондой эле тарбиялык класстык сааттар гана өткөрүлөт.

Ата-энелерге балдарына жолдо жүрүү жана жүрүм-турум эрежелерин эскертип, мектепке өз убагында жетүүсүн камсыз кылуу сунушталды. Мындан тышкары, ата-энелерге класс жетекчилер менен байланышта болуп, мектептен берилген маалыматтарды өз убагында алып турууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан