Биз социалдык тармакта

Аттракциондор жана 6D жана 9D көрүү залдары... Таластагы “Баластан” борбору ачылды (видео)

Кечээ, 11-сентябрда Талас шаарындагы “Баластан” балдар оюн-зоок борбору пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышканынын өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы борбордун оюн-зоок жана билим берүү зоналары, IT-мектеби жана STEAM-академиясы менен таанышты.

"Бул жерде балдар илим, технология, инженерия, искусство жана математика багыттарында билим алып, ар кандай заманбап технологияларды колдоно алышат. Борбор интерактивдүү роботтор, заманбап LED-экрандар жана мультимедиялык жабдуулар менен да камсыздалган. Ошондой эле купол түрүндөгү көп функционалдуу зал, аттракциондор жана 6D жана 9D форматындагы көрүү залдары каралган", - деп белгиленет маалыматта.

“Баластан” 1,7 гектар аянтты ээлеп, бир учурда 3400 балага чейин кабыл алууга ылайыкталган.

Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен жана Талас облусун өнүктүрүү фондунан 1 миллиард 750 миллион сом бөлүнгөн.

Аттракциондор жана 6D жана 9D көрүү залдары... Таластагы “Баластан” борбору ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан