Биз социалдык тармакта

"Жазуучунун өмүрү жана чыгармачылык жолу бизге шам чырак". Шекерде "Айтматов ааламы" ачылды

Бүгүн, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Таластын Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылышына катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын бүгүнкү күндө да маанилүүлүгүнө токтолду.

"Дүйнө жүзү Кыргызстанды эң алды ак калпак кыргыз эли, ак мөңгүлүү Ала-Тоосу менен тааныйт. Ошону менен бирге, көлөмү жана көркөмдүгү теңдешсиз “Манас” дастаны жана залкар жазуучу Айтматов аркылуу билет. Дүйнө өлкөлөрүндө улуу ойчулдун атын көчөлөргө, парктарга ыйгарып жаткан маалда, анын кичи Мекенинде мындай комплекстин курулушу – улуттук ар-намыстын маселеси.

Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү технологиялык жетишкендиктер менен катар көөнө тарыхы менен улуттук баалуулуктарын изилдеп, экөөнү эриш-аркак алып кетүүгө багыт алышты. Биз дагы өзөгүбүздү жоготпой, уңгужолубузга түшүү менен Жаңы Кыргызстанды куруу жолуна сапар алдык. Бул сапарда өз элинин турмушунан баштап, адамзаттык деңгээлдеги ой-толгоолорду жарата алган Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу бизге шам чырак болуп берери шексиз.

Кыргыздын демин дүйнөгө жеткирген алп жазуучубуздун жолун улоо биз үчүн чоң сыймык гана эмес, чоң жоопкерчилик!", - деди Садыр Жапаров.

Президент Айтматовдун 100 жылдык мааракесин татыктуу белгилөө үчүн эртелеп атайын жарлык кабыл алганын билдирди. Бул багытта Министрлер кабинетинин иш-чаралар планы бекитилип, уюштуруу комитети ишин баштаганын айтты.

Ошондой эле мамлекет башчысы жакында "Ысык-Көл форумунун" 40 жылдыгы Евразия чөлкөмүнө таанымал философтордун катышуусунда эл аралык деңгээлде өткөрүлгөнүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан