Бишкекте бир нече уурулукка шектелген эки жаран кармалды.
Милициянын маалыматына караганда, алар коомдук тамактануучу жайлардын биринен iPhone 13 жана Redmi үлгүсүндөгү телефондорду уурдаган деп шектелүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын дагы алты уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Алар милицияга эки ноутбук жана кол саатын өз ыктыяры менен өткөрүп беришкен.
Соттун чечими менен шектүүлөр эки айга камакка алынып, тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.