Биз социалдык тармакта

Маркум Айчүрөктүн агасы: "Экспертизанын жыйынтыгына канааттанбай, эксгумацияга бердим"

Мындан эки ай мурун Super.kg порталы Аксы районунда маркум Айчүрөк Өмүралиеванын каза болгон окуясын жеринен барып чагылдырганбыз.

Арадан эки ай өткөн соң маркумдун бир тууган агасы Акылбек мырза студиябызга келип, иштин жүрүшү жана экспертизанын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, алгачкы экспертизада “Айчүрөк Өмүралиева спирттик ичимдик ичип, баңгизат колдонгондон кийин каза болгон” деген жыйынтык чыккан. Бирок Акылбек мырза бул корутундуга макул болбой, эксгумация жүргүзүүгө кайрылганын билдирди.

Ал карындашынын үч баласы бар экенин, кайын журту менен жашаганын айтып, «баңгизатты кайдан жана кайсы каражатка алмак, кимден алган, кантип колдонгон?» деген суроолорду койду. Ошондой эле тергөөчүлөрдүн ишине нааразы экенин билдирип, окуянын бардык жагдайлары тыкыр иликтенишин талап кылууда.

Окуянын чоо-жайын, Акылбек мырзанын пикирлерин жана экспертиза боюнча айтылган маалыматтарды толугу менен Super.kg YouTube каналынан көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан