Ош шаарындагы журналисттер бүгүн, 3-февралда президент Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана коомчулукка кайрылуу жасашты. Кайрылуунун мазмуну төмөнкүдөй:
"Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына!
Кыргыз Республикасынын калайык калкына журналисттер жамаатынын атынан
Кайрылуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясында "адамдын укугу жана эркиндиги баарынан кымбат" деп баса белгиленген. КРнын Конституциясынын 31-беренесинде "ар бир жаран эркин ой жүгүртүүгө, өз оюн эркин айтууга, басма сөз жана сөз эркиндигине укуктуу" деп жазылып турат. Демек, Кыргыз Республикасында сөз эркиндигинин жана эркин ой жүгүртүүнүн сакталышы демократиялык өлкө катары эң башкы байлык жана артыкчылык болуп саналат.
Акыркы мезгилде "ОшТВ" телерадиокомпаниясынын айланасында жүз берген чуулгандуу окуялар: компанияга кылмыш ишинин козголушу жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан чектен ашкан текшерүүлөрдүн жүргүзүлүшү, журналисттерге карата коркутуп-үркүтүүлөрдүн өкүм сүрүшү Кыргызстандагы демократиялык принциптерге жана сөз эркиндигине караманча каршы келет деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамынын 1-беренесинде "Жалпыга маалымдоо каражаттарына карата цензурага жол берилбейт" деп кашкайып жазылып турат. Ага карабай Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган телерадиокомпаниянын журналисттерине карата ачыктан ачык сүр көрсөтүп, психологиялык басым жасап жатышы өлкөдөгү эркин маалымат каражатын муунтуп жок кылууга болгон терс аракет деп баалайбыз. Мамлекеттик бийликтин саясатын объективдүү чагылдырып турууда "ОшТВ" сыяктуу эркин ЖМКнын ролу эбегейсиз экендигин баса белгилейбиз.
Улуттук коопсуздук кызматынын телеканалга карата козгогон кылмыш иштери КРнын "Теле жана радио жөнүндө" мыйзамына караманча каршы келерин эскертебиз.
Укук коргоо органдары тарабынан сөз эркиндигине карата кысымы жана мыйзамсыз жоруктары тез арада токтотулбаса, бийлик Кыргыз Республикасында демократиялык системди уратып, анын ордуна тоталитардык системди орнотуп жатат деп тааныйбыз. Кыргыз Республикасынын Президенти Баш мыйзамдын гаранты катары биздин бул кайрылуубузга реакция жасайт жана чечкиндүү чараларды кабыл алат деген ишенимдебиз".
Эскерте кетсек, бүгүн, 3-февралда Ош шаарындагы "ОшТВ" телеканалынын журналисттери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.