Ош мамлекеттик университетинде ай сайын спорттук мелдештер өтүп турмакчы

Буга чейин университетте спартакиадалар бир жылда бир гана жолу уюштурулуп келсе, жаңы иш планга ылайык, мындан ары бир айда бирден спорттун түрү боюнча өткөрүлүп турмакчы. Университеттик деңгээлде студенттердин арасында, окутуучулар ортосунда жана жатаканалар арасында мелдештер болот. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ОшМУнун тарбия департаментинин директору Замир Божонов билдирди.

 

Мындай чечим кабыл алууга ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамын, кызматкерлерин жана студенттерин жыл бою үзгүлтүксүз спортко тартуу, алардын ден соолугун чыңдоо, сергек жашоо образына үндөө, жамааттагы ынтымакты бекемдөө максаты негиз болгону айтылды.

 

26-27-28-февраль күндөрү стол тенниси боюнча мелдеш өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан