Бүгүн, 3-февралда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Орозбек Молдалиев журналисттерге “азыркы тапта ажылык сапарга баруунун накталай чыгымын эч ким билбейт” деп билдирди. Анын айтымында, буга чейин ажылыкка баруу үчүн атайын сумма белгиленип, элдер ошону берип келишкен.
“Өткөн жылы ажыга болгон сапарды Максат ажы ишке ашырып (азыркы муфтийдин милдетин аткаруучу Максат Токтомушев), баары тынч өткөн. Бирок көйгөйлөр жок эмес. Былтыр Кыргызстандын паспорту менен 30 чет өлкөлүк жаран ажыга барып келишти”,- деди ал.