Токтогул РИИБи 2003-жылы каза болгон милиция кызматкери Кадыралы Мурзалиевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматында 1979-жылдан 2001-жылга чейин кызмат өтөгөн милициянын ага лейтенанты Кадыралы Мурзалиев 2003-жылы оорудан улам каза болгон. Маркумдун жубайы Гүлнара Уезбаева материалдык жардам сурап Жалал-Абад ОИИББинин жетекчилигине кайрылган. Бул үй-бүлөгө 265 миң сом берилди.
“Маркум Мурзалиев Кадыралынын үй-бүлөсү бул акчага азыркы жашап жаткан 3 бөлмөлүү батирди сатып алышып, сүйүнүп жаткан чагы”,- деп билдиришти Жалал-Абад ОИИББинен.