Биз социалдык тармакта

Нарында жайыт акысын жыйноодо 36 миллион сомдон ашык зыян аныкталды

УКМК Нарын облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык кызматтардын кызмат адамдары тарабынан жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү жыйноодо каржылык мыйзам бузууларды аныктады.

Маалыматка ылайык, жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жергиликтүү калктан жыл сайын төлөм алынат. Бирок чогултулган каражаттар толук көлөмдө жергиликтүү бюджетке түшпөгөнү аныкталган.

Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын 27 айыл аймагында жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгында мамлекетке келтирилген финансылык зыян 36 миллион сомдон ашканы белгилүү болгон.

Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгында тиешеси бар кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилип, келтирилген зыянды мамлекетке өндүрүү боюнча чаралар көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан