Ысык-Көл облусунун түштүк тарабында жайгашкан айылдардын тургундары “эгер жол ачылбаса, антимитингге чыгабыз” деп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган облустун Барскоон, Тамга, Оргочор, Кызыл-Суу, Тосор жана Балтабай айылдарынын тургундары Каракол-Балыкчы унаа жолунун жабылышына нааразычылыктарын айтышууда. Мындан сырткары "жакын арада буулган жолду ачышпаса, өз күчүбүз менен ачабыз" деп билдиришкен. Учурда милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Эске салсак, "7-октябрда Караколдогу баш аламандыкты уюштурган" деп шектелип Айбек Сарыбаев баш болгон адамдар кармалган. Алардын бошотулуусун талап кылган жергиликтүү тургундар облустагы башкы унаа жолдорун бууп салышкан.