Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Куралдуу күчтөрдүн борбордук башкаруу органы жана башкы оперативдүү башкаруу органы – Башкы штабды түзүүгө жол ача турган мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, “Коргоо жана КРнын Куралдуу күчтөрү жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизилди.
Эгер бул мыйзам күчүнө кирип калса, өлкөдө согуштук же өзгөчө абал киргизилген, же кыйын абал түзүлгөн учурда Башкы штаб оперативдүү башкаруунун жогорку органына айланып, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар органдарынын күч түзүмдөрүнүн иши менен материалдык каражаттарынын колдонулушун координациялоо укугуна ээ болот.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы КРнын Президентине түз баш ийет. Куралдуу күч түзүмдөрүнүн өлкө аймагындагы жайгашуусу Башкы штаб башчысынын буйругу менен жүргүзүлөт. Куралдуу күчтөрдүн ички саясий максатта колдонулуусуна жол берилбейт.
Мыйзамда Улуттук гвардияны Куралдуу күчтөрдүн курамынан чыгарып, аны ички түзүмү жана техникалык каражаттары менен кошо Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүү жагы да каралган.