Биз социалдык тармакта

"Чеччи формаңды". Милиционерлерди сөккөн мас айдоочу камалды

Бишкекте жол тескөөчүлөрдү оозго алгыс сөздөр менен сөккөн мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-сентябрда болжол менен саат 08:00дө Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол тескөөчүлөрдүн талабына баш ийбей, чыр чыгарууга аракет кылган. Ошондой эле ал жаралган чыр-чатак учурунда милиция кызматкерлеринин бирин мушташууга чакырган. Шектүүнүн "Чеччи формаңды" дегенин угууга болот.

Натыйжада унаа айып короого токтотулуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн.

"Чеччи формаңды" Милиционерлерди сөккөн мас айдоочу камалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан