Биз социалдык тармакта

Аламүдүндө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал былтыр август айында тууганыңды камактан бошотуп берем деген шылтоо менен жабырлануучунун ишенимине кирген. Ошентип шектүү акыры анын 17 миң долларын уурдап кеткен.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан