Ири өлчөмдө баңгизат таратууга шектелип 44 жана 55 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат алар ооган чарсы аттуу баңгизатын Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан багыты боюнча ташып жана таратып келишкенин белгиледи. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле 55 жаштагы шектүү үй-бүлө мүчөлөрүнө карата зомбулук жасап келген. Бул факт боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, кылмыш иши ачылган. Учурда тергөө иштери уланууда.