Биз социалдык тармакта

Кыргыз лицейи чет өлкөдөгүлөргө мыйзамсыз диплом, аттестат бергени аныкталды

Чет өлкөдө жүргөн окуучуларга мыйзамсыз диплом жана аттестат берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы №52 кесиптик лицейинин жооптуу кызмат адамдары 2024-2025-жылдары чет мамлекеттерде жүргөн 10 окуучуну окуу процессине катышкан катары көрсөтүп, тиешелүү документтерди жасалмалап, аларга окуу жайын бүтүргөндүгүн тастыктаган аттестат жана дипломдорду мыйзамсыз беришкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан