Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелген эки өспүрүм 2 айга камалды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Сузак райондук сотунун 18-сентябрдагы чечими менен аларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Шектүүлөр 17-ноябрга чейин камакта болушат.
Эскерте кетсек, каргашалуу окуя 17-сентябрга караган түнү Жыгач-Коргон айылында катталып, шектүү катары 17 жана 18 жаштагы өспүрүмдөр кармалган. Тергөө уланууда.