"Ак-Тилек" чек ара өткөрмө пунктунда рейд учурунда мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын партиясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мекеменини кызматкерлери жүк ташып бара жаткан Scania үлгүсүндөгү унааны текшерген.
Анын ичинен Skittles, M&M’s, Snickers, Mars жана Twix маркаларына таандык 263 куту таттуу табылган. Алардын арасында жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктар да болгон. Товарлардын алдын ала баасы 2,5 миллион сомдон ашат.
Факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Салык кызматы мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын сатууга чыгарылышына жол бербөө боюнча текшерүүлөрдү улантууда.