Биз социалдык тармакта

Мектептерде коопсуздук үчүн "дүрбөлөң" баскычы пайда болду (видео)

Мектептерде коопсуздук үчүн "дүрбөлөң" баскычы пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Эрнес Дүйшөнбеков билдирди.

Анын айтымында, мындай чаралар каргашалуу окуялардын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. "Дүрбөлөң" баскычы басылганда мектептин күзөтчүсүнө жана директоруна дароо белги берилет. Андан кийин тиешелүү кызматкерлер окуя болгон жерге өз убагында барып, кырдаалды көзөмөлгө алышат.

Эске салсак, буга чейин 18-сентябрда Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, кылмышка шектүү катары 4 окуучу кармалган. 17-сентябрда Сузакта 10-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип 2 өспүрүм кармалган.

Мектептерде коопсуздук үчүн "дүрбөлөң" баскычы пайда болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан