Биз социалдык тармакта

Окуучулардын өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат

Жалал-Абаддын Сузак жана Чаткал райондорундагы окуучулардын ур-токмоктон каза болушуна байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Эрнес Дүйшөнбеков кечээ, 24-сентябрда ИИМде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал журналисттердин "Жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлерине иликтөө жүрүп жатабы?" деген суроосуна, "жоопкерчилик бизде эле эмес да" деп жооп берди. Бирок так кайсы органдын кызматкерлеринин үстүнөн жүрүп жатканын ачыктаган жок.

Эске салсак, 18-сентябрда Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, кылмышка шектүү катары 4 окуучу кармалган. 17-сентябрда Сузакта 10-класстын окуучусунун өлүмунө шектелип 2 өспүрүм кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан