Бишкекте өрт чыккан эки кабаттуу имараттын экинчи кабатынан эркек кишинин сөөгү табылды. Маалыматты Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматта астыңкы кабаты унаа оңдоочу жай болсо, үстүңкү кабатта тигүү цехи жайгашканы айтылат. Факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Айта кетсек, бүгүн, 26-сентябрь күнү эртең менен Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан имараттан өрт чыгып, ӨКМ тилсиз жоо өчүрүлгөнүн кабарлаган.