Бишкек шаарында май алмаштыруучу жайдагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, өрт бүгүн, 26-сентябрда борбор калаанын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан май алмаштыруучу жайдан чыккан. Эртең менен тилсиз жоону токтотууга өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлүп, саат 10:39да толугу менен өчүрүлгөн.
ӨКМ тилсиз жоо болжол менен 1000 чарчы метрди жалмаганын кошумчалады.