Мектептерде окуучулардан жана ата-энелерден мыйзамсыз акча каражатын чогултууга тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги 30-сентябрда тараткан маалыматта айтылат.
Мындай аракеттер үчүн Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчилик каралган.
"Ата-энелер тарабынан да мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жол берилбейт жана мыйзамда белгиленген учурларда жоопкерчилик каралат",- деп эскертти министрлик.
Маалыматка ылайык, быйыл өлкөдөгү мектептер үчүн чарба жана кеңсе товарларын сатып алууга республикалык бюджеттен 205,5 миллион сом, ал эми учурдагы оңдоо иштерине 404,8 миллион сом бөлүнгөн.
Айта кетсек, 30-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат
Улукбек Карыбек уулу мектепрде ата-энелерден көмүскө акча чогултуулар болуп
жатканын айткан.