Кечээ, 3-февралда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Коргоо жана Куралдуу күчтөрү жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөрүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2014-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасын, 2013-жылдын 5-июлунда кабыл алынган КРнын Куралдуу күчтөрүн башкаруу системин реформалоо жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Тактап айтканда, мыйзамда төмөндөгүлөр каралат:
- Коргоону башкаруунун заманбап принциптерине жана куралдуу күчтөргө контролдук кылуу практикасына ылайык, Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын функцияларын бөлүштүрүү;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабын түзүү жана ага өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн башкаруунун бирдиктүү борборунун функцияларын ыйгаруу;
- Генералдык штабдын жетекчилиги алдында коргоону камсыз кылган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүүсүн, пландаштырууну жана күч, каражат колдонууну уюштуруу.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.