Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева менен салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун ортосунда пикир келишпестик жаралды.
Элвира Сурабалдиева мындан улам өкмөт мүчөлөрүн депутаттарды сыйлоого чакырды. Ал убагында эл өкүлдөрүн теңине албагандар дагы болгонун белгилеп, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кыйыр мисал кылды.
"Бир киши трибунада кыйкырып, сөгүнгөнгө чейин барды эле, эл анын баарын көрдү. Сиздер мамлекеттик кызматкер экениңиздерди унутпаңыздар. Элдин атынан президент менен эле депутаттар сүйлөшөт. Депутаттарды сыйлабасаңыздар, анда бул жакка өзүңүздөрдүн ордуңуздарга башка, депутаттарды сыйлаган адамдарды жөнөтүңүздөр. Бул жакка биз айтышканы келбейбиз.
Биз баарыбыз бир кайыктабыз. Министрлер кабинети үчүн бул жак саясий пикирин айтуучу жер эмес. Бул жак парламент. Бул биздин трибуна",- деди Сурабалдиева.