Биз социалдык тармакта

Парламентте Сурабалдиева менен Шыкмаматов кайым айтыша кетишти (видео)

Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева салыкчылардын ишенимдүү иш жүргүзүшүнө күмөн саноосу бар экенин айтты.

Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов салыкчылардын 99 пайызынын ишмердүүлүгү ишенимдүү экенин билдирди. Сурабалдиева "салык тармагында иштегендердин 99 пайызы таза деген кепилдик берип жатасызбы?" деген суроо узатты. Шыкмаматов андай мааниде айтпаганын, салыкчылардын 99 пайызы таза деген кепилдик бере албасын айтты.

"Анда сураныч, улуу трибунадан 99 пайыз ишкерлер шылуундар деп жамандабаңыз",- деди эл өкүлү.

Шыкмаматов: "Сиз дагы айтпаган сөздү айтты кылып жатасыз. Мен антип айткан жокмун. Анткени көп адамдар күбө. Эгер ошентип айткан болсом, анда азыр жоопкерчилигин тартайын",- деп жооп кайтарды.

Бул учурда парламент төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы башкы салыкчыны тартипке чакырып, депутаттарды сыйлоого үндөдү.

Парламентте Сурабалдиева менен Шыкмаматов кайым айтыша кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан