Бүгүн, 4-февралда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда
депутаттар “Курамында генномодифицирленген организмдер бар болгон
азыктарды өндүрүү жана Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салуу жөнүндө”
мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулап жатышат.
Долбоордо жогорудагы азыктарды
өлкөгө киргизбөө демилгеленип жатат. Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, бөгөт
коюулар Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө мамлекеттерде милдеттүү түрдө аткарылышы керек. Тийиштүү комитеттин
мүчөлөрү демилгени колдошту.