Кыргызстандын курама командасы Япониянын Айти префектурасы жана Нагоя шаарында өткөн XX Азия оюндарында 14 медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 37 өлкөнүн ичинен 25-орунду ээледи.
Кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло медаль тагынды.
Алтын медаль:
• Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү
Күмүш медаль:
• Эрлан Шеров — дзюдо;
• Денис Петрашов — сууда сүзүү;
• Асан Жанышов — грек-рим күрөшү.
Коло медаль:
• Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү;
• Мээрим Жуманазарова — кыз-келиндер күрөшү;
• Раззак Бейшекеев — грек-рим күрөшү;
• Кубанычбек Айбек уулу — кураш;
• Сыймык Жаныбек уулу — ММА;
• Дастан Каныбек уулу — ММА;
• Ырыскелди Дүйшеев — ММА;
• Малик Шаваев — эркин күрөш;
• Айпери Медет кызы — кыз-келиндер күрөшү;
• Абдурахман Муртазалиев — жиу-житсу.