
Кечээ, 4-октябрда Японияда Азия оюндары жыйынтыкталды. Оюндардын расмий сайтында Кыргызстан медалдык эсепте 26-орунга жайгашканын көрүүгө болот.
Бирок Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына карасак, өлкө 25-орунду багындырган.
Айта кетсек, Кыргызстан Азия оюндарын бир алтын, үч күмүш, 10 коло медаль менен жыйынтыктады.