Мындан ары парламент жыйындарына катышпаган депутаттардын аттары ачык жарыяланат. Мындай чечимди бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика комитети кабыл алды. Комитетте мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылган депутат Нурлан Сулаймановдун маселеси каралды.
Эскерте кетсек, аталган депутатты БШК 31-январда мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыраткан. Буга депутаттын Жогорку Кеңештин сессияларына 30дан көп жолу катышпаганы себеп болду. Маалыматка таянсак, депутат 2012-жылы өлкөдөн сыртка чыгып кетип, ошол бойдон келе элек.