
Кечээ, 6-октябрда “Манас” эл аралык аэропортунда Японияда өткөн XX Азия оюндарында ийгилик жараткан Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курама командасын салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү.
Спортчуларды Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Нурсултан Курманалы уулу тосуп алды.
Эске салсак, жиу-житсу боюнча
Абдурахман Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып,
коло медалга ээ болгон.